23:23
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

«Кумтөрдө» калыбына келтирилген дөңгөлөктөрдү колдонуу 1,5 млн долларды үнөмдөйт

«Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Кубат Абдраимов Кумтөр кенинде оор жүк ташуучу унаалар үчүн чоң габариттүү дөңгөлөктөрдү сыноонун жүрүшү менен таанышты.

Белгиленгендей, бул сыноолор Токмактагы заводдо дөңгөлөктөрдү кайра каптагандан кийинки сапатын аныктоого багытталган.

Кубат Абдраимов сыноо иштерин өтө кылдаттык менен ишке ашыруу керек экендигин, коопсуздук маселеси эң биринчи орунда болушу керектигин баса белгиледи.

«Сыноо иштери ийгиликтүү аяктап, массалык түрдө колдоно баштасак, бул экологиялык дагы, экономикалык дагы жакшы пайдасын берет. Токмоктогу завод жылына 200дөн 300гө чейин дөңгөлөктү калыбына келтирүү менен 1 жылда 1,5 миллион доллардан ашык каражатты үнөмдөөгө шарт түзөт»-деди «Кыргызалтындын» башчысы.

Заводдо кайра калыбына келтирилген дөнгөлөктөр Кумтөр кен жайына жеткирилип, № 148-Caterpillar 789С үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаага орнотулган. Сыноо иштерине Өндүрүштүк окутуу бөлүмүнүн инструкторлору жана Дөңгөлөктөрдү кайра иштетүү заводунун өкүлдөрү күнү-түнү көзөмөл жүргүзүүдө.

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун Токмок шаарындагы Дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү заводундагы дөңгөлөктөрдү калыбына келтирүүчү жабдуулар 2025-жылдын январь айында тесттик режимде ишке берилген.

Эң көп окулган жаңылыктар