Кыргызстандын Гимнинин жаңы редакциясын тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги жыйыны өттү.
Расмий өкүлдөр жана чакырылгандар Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Марат Иманкуловдун катышуусунда тексттин жана музыканын жаңы редакциясынын долбоорунун келечектеги варианттарын талкуулашты.
Мамлекеттик гимнинин текстинин жана музыкасынын жаңы редакциядагы мыкты долбоорун тандоо боюнча сынактын жобосу, ведомстволор аралык комиссиянын курамы бекитилген.
Ага мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, акын-жазуучулар, композиторлор жана музыканттар кирди.
Жыйында комиссиянын жаңыртылган курамы тааныштырылып, сынактын өткөрүү боюнча сунуштар талкууланды.
Сынак эки этап менен өткөрүлөт: жобого ылайык, биринчи этапта гимндин тексти тандалат, экинчи этапта — музыкалык чыгармалар. Тексттер 2025-жылдын 7-июлуна чейин, музыкалык долбоорлор 8-сентябрга чейин кабыл алынат. Натыйжада үч мыкты долбоор тандалып, алардын ичинен бирөө жаңы гимн катары бекитилет.
Жеңүүчү долбоорго Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунан сыйлык ыйгарылат.
Жыйындын соңунда ведомстволор аралык комиссия тарабынан гимндин текстининин долбоорун кабыл алуу мөөнөтүн 17-июлга чейин узартуу сунушу берилди.
Мурдараак маалымдалгандай, 2025-жылдын 7-февралынан 20-мартына чейин комиссияга 488 жарандан 703 долбоор келип түшкөн. 285 долбоор катталган. Бирок комиссия алар мазмундук жана көркөмдүк талаптарга жооп бербейт деген тыянак чыгарган.
Эске салсак, гимнди өзгөртүү идеясын былтыр парламенттин спикери Нурланбек Тургунбек уулу айтып, азыркы гимнди аткаруу кыйын болгондуктан, жаңы гимн кабыл алуу зарылдыгын билдирген. Кийин бул идеяны президент да колдогон.