11:12
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Ат-Башыда «Кыргыз шырдагы» салттуу кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси өтөт

Нарын облусунун Ат-Башы районунда «Кыргыз шырдагы» элдик кол өнөрчүлүктүн көргөзмө-жарманкеси, ошондой эле «Кыргыз даамы» улуттук тамак-аштарынын сынагы өтөт. Бул тууралуу Туризм департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, фестивалдар 28-29-июнь күндөрү Сары-Тал жайлоосунда өтөт. Мындан тышкары кыргыз күрөшү боюнча эл аралык «Хан Кошой» турнири да пландалууда.

Иш-чаранын негизги максаты — кыргыз маданиятын сактоо жана өнүктүрүү, туризмди колдоо жана жаштарды улуттук каада-салттын духунда тарбиялоо болуп саналат.

Тургундар жана туристтер көчмөн маданиятынын атмосферасына сүңгүп, кыргыз элинин руханий байлыгын сезе алышат.

Эң көп окулган жаңылыктар