21:14
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Бүгүн Бишкектин бир бөлүгүндө муздак суу өчүрүлөт

Бүгүн, 19-июнда саат 10:00дөн 20:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде, социалдык жана өндүрүштүк объектилерде таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелет:

Куйручук — 7 Апрель — Достоевский — Куланак;

аянт: Карадарыя — Ахунбаев — 7 Апрель — «Улан-1» жана «Улан-2» кичи райондорунун чек арасы;

Күмүшалиева — Алапаев — Көлбаев — Кийизбаева.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы
Фото Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Өчүрүү 11-кичирайондогу диаметри 500 жана 300 миллиметр болгон суу түтүгүндөгү аварияны жоюуга байланыштуу болууда.

«Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Эң көп окулган жаңылыктар