Бишкек мэриясы Лумумба көчөсүндөгү 197 жарнак конструкциясын жана 2 чоң көрнөк-жарнакты демонтаждады. Бул тууралуу борбор калаанын муниципалитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Мэриянын жер пайдаланууну көзөмөлдөө бөлүмү шаардын аймагындагы мыйзамсыз объектилерди аныктоо жана демонтаждоо иштерин улантууда.
Садырбаев көчөсүндөгү 57 темир тосмо, 18 жеңил конструкция жана 2 капиталдык имарат;
Луговая көчөсүндөгү 66 капиталдык гараж;
Маевкада жана Иван Панфилов атындагы сейил багынын айланасында уруксатсыз орнотулган жети павильон;
«Жал-29» кичирайонунда жана Айни, Юдахин, Сухомлинов көчөлөрүнүн боюнда 43 тосмо;
«Куйручук» конушунда 160 метр узундуктагы темир тосмо, иш жүзүндө пайдалангандыгы үчүн 150 миң сом төлөнгөн. Шаар бийлиги мыйзам бузууларды болтурбоо жана борбордо тартипти камсыз кылуу үчүн курулушту же объекттерди кеңейтүүдөн мурда муниципалитеттен уруксат алууну суранат.