22:00
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

«Учкун» ААКтын административдик имараты капиталдык оңдоодон кийин ачылды

Президенттин иш башкармалыгынан
Фото Президенттин иш башкармалыгынан. «Учкун» ААКсынын административдик имараты капиталдык оңдоодон кийин ачылды
Президенттин иш башкармалыгына караштуу «Учкун» ААКнын жаңыланган административдик имараты капиталдык оңдоодон кийин пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Ачылыш аземине Иш башкармалыктын башчысы Каныбек Туманбаев катышып, административдик имаратты карап чыккандан кийин акциздик маркалар жана биометрикалык паспорттор даярдалуучу бөлүмдөргө да барып, алардын техникалык абалы жана өндүрүш процесстерин көрүп чыкты. Бул бөлүмдөр — ишкананын стратегиялық багыттарынын бири болуп саналат.

«Учкун» ААК акыркы жылдары туруктуу өнүгүү жолунда. Полиграфия тармагында эл аралык стандарттарга жооп берген өндүрүш түзүлүп, кызматташуу географиясы кеңейүүдө. Буга мисал катары Намибия Республикасы жана башка өлкөлөр менен түзүлгөн кызматташтыкты келтирүүгө болот. Алгачкы келишим боюнча 130 миң биометрикалык паспорт даярдалып, ийгиликтүү жеткирилген. Учурда эки тараптуу кызматташуунун экинчи этабы башталды", — деди ал.

Анын айтымында, бул жетишкендиктер — өлкө жетекчиси Садыр Жапаровдун колдоосу жана мамлекеттик ишканалардагы башкаруу системасын жакшыртуу аракеттеринин натыйжасы жетишилди. Заманбап технологиялар, квалификациялуу кадрлар жана эл аралык ишеним — полиграфия тармагындагы ийгиликтердин башкы факторлорунун бири болуп калды.

Эң көп окулган жаңылыктар