Аптанын экинчи жарымында Бишкекте түнкүсүн да ысык болот. Мындай божомолду синоптиктер билдирди.
19-июнда жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн +23 градуска чейин жылуу болорун айтышууда. Күндүз аба +40 градуска чейин жылыйт.
20-июнда ала булут каптап турат. Түнкүсүн +22 градус жылуу болсо, күндүз термометрдин көрсөткүчү +33 градуска чейин көтөрүлөт.
21-22-июнда күн ачык болот. Түнкүсүн +18, күндүз +36 градуска чейин ысыйт.
23-июнда аба ырайы кескин өзгөрбөйт.