Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Камила Талиева менен Кундузбек Сулайманов ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевден мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин кайда экенин сурашты.
«Министр Жунушалиев бар эле. Изделип жатабы? Кайда? Опумбаев кайда? (Орозбек Опумбаев УКМКнын мурдагы жетекчиси. — Ред.) Ал да жок экенин айтышты, бирок сотто көрүндү. Алар тууралуу маалымат бергиле же болбосо, «карга -карганын көзүн чукубайт» дегендей болуп жатабы?» ал дагы эле өлкөдө жашайбы?" — деп сурады Камила Талиева.
Ал белгилегендей, министрлер кызматка киришкенден кийин мыйзам бузса, жоопкерчиликке тартылабыз деп ант беришет. Бирок алар качып кетишет. «Аларды аёосуз жазалаш керек. Ички иштер министрлигин жетектеген адам эч кандай жаза алган жок», — деп нааразы болду депутат.
Аны кесиптеши Кундузбек Сулайманов колдоп, Кашкар Жунушалиевди жоопкерчиликке тартуу боюнча протоколдук тапшырма берүүнү талап кылды.
Нурбек Абдиев эл өкүлдөрүнүн кайрылуусу боюнча комментарий берген жок.
Жыйында депутаттар Кылмыш-процессуалдык кодекске өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун экинчи окууда карашты. Документтин негизги максаттары сотто каралып жаткан жана тергөөсү токтотулган кылмыш иштери боюнча издөөдө жүргөн адамдарга карата атайын тергөө аракеттерин жөнгө салуудагы укуктук боштуктарды жоюу болуп саналат.