2024-жылы Эсеп палатасы 29 шаардык мэриянын жана 310 айыл өкмөтүнүн бюджетине аудит жүргүзгөн. Бул тууралуу 24-kg.com агентигине аталган башкармалыктан билдиришти.
Маалым болгондой, аудиттин жүрүшүндө жергиликтүү деңгээлде бюджеттик тартиптин сакталышы, бюджеттердин түзүлүшү жана аткарылышы, ошондой эле каражаттардын максаттуу пайдаланылышы боюнча маселелер талданган.
Аудиттин жыйынтыгы боюнча 29 шаардын (анын ичинде облустук маанидеги Нарын, Токмак, Кара-Балта, Жалал-Абад, Майлуу-Суу, Кара-Көл, Баткен жана Сүлүктү шаарларынын; республикалык маанидеги Бишкек жана Ош шаарларынын) бюджетине аудиттин жалпы суммасына кирбей калган 141 млн.
Мындан тышкары, бул деңгээлде натыйжасыз пайдаланылган жана потенциалдуу резервдик каражаттардын көлөмү 123,6 млн сом өлчөмүндө катталган.
Айыл өкмөттөрүнүн деңгээлинде жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча калыбына келтирилүүгө тийиш болгон каржылык мыйзам бузуулардын суммасы 960,6 млн сомду түздү. Анын ичинен 869,6 миллион сому же 90,5 пайызы отчеттук жылда өндүрүлгөн.
Мындан тышкары, айыл өкмөттөрдүн деңгээлинде аныкталган резервдердин жана жоготуулардын көлөмү 367,4 млн сомду түздү.