Бүгүн, 18-июнда Бишкектин түштүк бөлүгүндө таза суу жок болот.
Мэриянын маалыматы боюнча, Байтик баатыр — Ала-Арча дарыясы — Саманчин — Байтик баатыр көчөсүнүн батыш тарабы — Ала-Арча 3-кичи районунда саат 10:00 — 23:00 аралыгында турак жайларда, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык объектилерде суу болбойт.
Бул чектөө авариядан кийинки оңдоо иштери менен байланыштуу болууда.