Ысык-Көл районунун Тамчы айылында «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунун жаңы аэробикет курулуп жатат. Бул тууралуу «Кыргызстандын аэропорттору» ААКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, бул долбоор аймактын чыныгы архитектуралык жасалгасына айланып, өлкөнүн туризм, транспорт инфраструктурасын өнүктүрүүгө карай маанилүү кадам болмокчу.
Келечектеги терминал жөн гана транспорттук түйүн эмес, функционалдуулукту, ыңгайлуулукту айкалыштырып, кенен залдар, панорамалык терезелер, жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн алдыңкы технологиялары менен камсыздалат. Мунун баары жүргүнчүлөр үчүн жайлуулукту жаратат. Мындан тышкары, аэробекетте заманбап коопсуздук системалары орнотулуп, майыптыгы бар адамдар үчүн дагы шарттар түзүлөт.