Акыйкатчы институтунун имараты ири капиталдык оңдоодон кийин кайрадан жарандарга эшигин ачты. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, имаратты реконструкциялоо иштери 2024-жылдын октябрь айында башталган. Институтту оңдоп-түзөө иштерине Финансы министрлиги 25 млн сом каражат бөлгөн.
Акыйкатчы институту жайгашкан имарат республикалык маанидеги тарых жана маданият эстеликтеринин мамлекеттик тизмесине киргендиктен анын сырты өзгөртүлбөстөн жаңыланды. Имараттын арткы короосу жашылдандырылып, «Укук аллеясы» ачылып, жарандарыбыздын эс алуусуна ыңгайлуу шарттар түзүлдү.
Оңдоп-түзөө иштерин президенттин Иш башкармалыгына караштуу «Мамлекеттик имараттар департаменти» ишке ашырды.
Эскерте кетсек, имарат 1932-жылы салынган. Бул жерде 1941-жылы Москвадан Кызыл туулу Суворов ордендүү 385-Кричев аткычтар дивизиясынын штабы жана саясий бөлүмү, Куйбышев аскердик-инженердик академиясы, «Билим» коому, ишкерлер ассоциациясы жана башка мекемелер жайгашкан.
2009-жылы Акыйкатчы институту көчүп келген. Андан бери имарат бир да жолу оңдолгон эмес.