00:12
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

14-июнда күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 14-июнга караган түнү Ысык-Көл облусун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +15...+20, күндүз +28...+33;

Талас жергесинде түнкүсүн +11...+16, күндүз +28...+33;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн +15...+20, күндүз +28...+33;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10...+15, күндүз +20...+25;

Нарын облусунда түнкүсүн +10...+15, күндүз +20...+25;

Бишкекте ала булут каптап турат, жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +17...+19, күндүз +30...+32 градус болот.

Эң көп окулган жаңылыктар