Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Израил менен Ирандын ортосундагы чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.
“Кыргызстан түзүлгөн кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу максатында тараптарды максималдуу сабырдуулук көрсөтүүгө жана аймактагы абалды андан ары курчутуп жиберүүсү мүмкүн болгон аракеттерден карманууга чакырат”, - деп айтылат билдирүүдө.
Министрлик мунун алдында Ирандын аймагында жүргөн кыргыз жарандарын жеке коопсуздук чараларын сактоого жана этият болууга чакырган.
Эске салсак, Израил 13-июнда таңга маал Ирандын аймагындагы өзөктүк объекттерге “алдын алуучу сокку урганын” жарыялаган. Израил баш калаасы Тегеран жана бир нече шаарына аба соккуларын жасаганы белгилүү болгон.Натыйжада жогорку даражалуу аскер кызматкерлери жана өзөктүк илимпоздор каза болуп, жарандык калк арасында да жабыркагандар бар экени кабарланган.