Бишкекте жети жеңил унаа — эки жүк ташуучу, бир фургон жана бир жеңил унаанын катышуусунда ири жол кырсыгы катталды. Кырсык кайсы жерде болгону белгисиз, азырынча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясы расмий комментарий бере элек.
Кырсык болгон жерден тартылган видеолордун астындагы пикирлерге караганда, кырсыктан жабыркагандар жана каза болгондор жок.
Учурда жол кырсыгынын чоо-жайы такталып жатат.