00:11
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

«Асман» авиакомпаниясы Бишкек-Раззаков каттамынын санын көбөйттү

«Асман аба жолдору» улуттук авиакомпаниясы июнь айынын башынан тарта Бишкектен Раззаков шаарына каттамдардын санын бейшембиден башка күндөрү жумасына алты каттамга чейин көбөйттү. Бул тууралуу компаниянын өкүлчүлүгү билдирди.

«Буга чейин аба каттамдары бир топ азыраак — жумасына эки жолудан айына бир нече жолу аткарылчу. Эми график бир топ кеңейтилди, бул Баткен облусунун жана коңшу облустардын тургундарына борборго тезирээк жана ыңгайлуу жетүүгө мүмкүндүк берет», — деп белгилешти компаниянын кеңсеси.

Билеттин баасы 3,6 миң сомдон башталат. Бул каттамды жүргүнчүлөрдүн кеңири чөйрөсү үчүн жеткиликтүү кылат.

Эң көп окулган жаңылыктар