02:48
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Бишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты: үч бригада тартылды

Борбор калаанын Октябрь районундагы Токомбаев көчөсү, 21/1г дарегиндеги көп кабаттуу үйдүн кире бериштеринин биринде өрт чыкты. ӨКМ басма сөз кызматы билдиргендей, өрт 2-кабаттын электр калканынан чыккан.

Окуя болгон жерге үч өрт өчүрүүчү бригада жөнөтүлгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери имараттын тургундарын эвакуациялашты. Жабыркагандар жана өрттүн аймагы тууралуу маалымат такталууда.

Эң көп окулган жаңылыктар