05:42
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Кыргызстанда май айында ИДПсы 573,1 миллиард сомго жетти

2025-жылдын январь-май айларында Кыргызстандын ички дүң өнүмү 573,1 миллиард сомго жетип, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12,3 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Белгиленгендей, ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш тармактары, тейлөө тармагы жана продукцияга таза салыктар менен камсыз болгон. Товардык өндүрүш тармактарынын өсүшү өткөн жылдын январь-май айларына салыштырганда 18,2 пайызга, тейлөө тармактары 9,2 пайызга, продукцияга таза салык 12 пайызга өскөн.

ИДПнын түзүмүндө эң чоң үлүш (52,9 пайыз) кызмат көрсөтүү тармактарына туура келген. 2024-жылдын январь-май айларына салыштырмалуу көрсөткүч 0,8 пайызга төмөндөгөн. Товар өндүрүүчү тармактардын үлүшү, тескерисинче, 2,4 пайызга өсүп, 30,5 пайызды түзгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар