Investing.com маалыматына ылайык, мунайдын баасы Израилдин Иранга чабуулунан кийин кескин көтөрүлдү.
Маалыматка ылайык, Brent мунайынын баасы 6 пайыздан ашык (6,29 доллар) кымбаттап, баррелине 73,65 долларды түздү. West Texas Intermediate (WTI) мунайынын баасы да дээрлик 10 пайызга (6,43 доллар) кымбаттап, 74,47 долларды түздү.
Кошумчалай кетсек, алтындын баасы 1,8 пайызга кымбаттап, бир трой унциясы 3 миң 444 долларды түздү.
Чет элдик маалымат каражаттары белгилегендей, америкалык индекстер азиялыктар сыяктуу эле баалуулугун жогото баштады.
Эске салсак, 13-июнга караган түнү Израил Иранга кол салган. Тегеранда жарылуулар катталды. Бишкек убактысы боюнча саат 6:00гө карата Израилдин армиясы Ирандагы аскерий объектилерге сокку уруунун биринчи этабы аяктаганын жарыялады.