21:44
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Баткен районунда сел жүрдү. Окуя болгон жерге ӨКМ атайын техника жөнөттү

ӨКМнын басма сөз кызматы
Фото ӨКМнын басма сөз кызматы. Рават айылындагы селдин кесепеттери

Баткен районунун Ак-Татыр айыл өкмөтүнө караштуу Рават айылында сел жүрдү. Натыйжада дарыялардын нугунан суу чыгып, конуштун аймагын каптаган.

Райондук администрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, Баткен районунун акими Данир Иманалиев ӨКМдин райондук бөлүмүнө жана тиешелүү кызматтарга кырсыктын кесепеттерин тез арада жоюуга киришүүнү тапшырды. Тактап айтканда, тазалоо, келтирилген зыянды баалоо жана калыбына келтирүү иштерин уюштуруу зарыл.

Бул үчүн айылга атайын техника жана ыкчам топтор жөнөтүлөт. Кырдаал райондун акиминин жеке көзөмөлүндө.

Эң көп окулган жаңылыктар