Тирүү калган адам кулап түшкөн Air India учагынын 11А орунду ээлегенин полицияга шилтеме берүү менен ANI билдирди.
Жүргүнчүлөрдүн тизмесине ылайык, ал Улуу Британиянын жараны Вишваш Кумар Рамеш. Учурда адам ооруканага жеткирилип, дарыланууда.
Интернетте Рамештин кандын издери бар футболка кийип, өз алдынча кыймылдап, журналисттер менен сүйлөшүп жатканы чагылдырылган кадрлар таралууда. «Учкандан 30 секунддан кийин катуу ызы-чуу чыгып, андан кийин учак кулап түшкөн. Мунун баары тез эле болуп кетти. Анан менин айланамда адамдардын өлүктөрү, учактын калдыктары пайда болду. Мени бирөө көтөрүп, тез жардамга алып барды», — деди ал.
Куткаруучулар буга чейин кеминде 204 жүргүнчүнүн сөөгүн алып чыгышкан. Кырсык болгон жерде издөө иштери уланууда. Reuters агенттигинин маалыматына караганда, кырсыктан каза болгондордун жалпы саны 290дон ашты. Жабырлануучулардын арасында учак кулаган жатаканада жашаган медициналык факультеттин студенттери да бар.
Эске салсак, учак Ахмедабаддан Лондонго AI171 рейсин аткарып жаткан. Экипаж учуп чыккандан кийин дароо кырсык сигналын берген. Боинг турак жайлардын үстүнө кулап түшкөн. Учакта 242 адам болгон. Алардын арасында Индиянын 169 жараны, 53 британиялык, 7 португалиялык жана 1 канадалык болгон. Алардын баары жана экипаж мүчөлөрү каза болгону мурда кабарланган.