Ысык-Көл облусунда 822 конок үйү саркынды сууларды тазалоочу жайларга туташтырылган эмес. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, президенттин «Ысык-Көл көлүнүн экологиясын коргоо боюнча шашылыш чаралар жөнүндө» жарлыгын аткаруунун алкагында Жаратылыш ресурстары министрлиги тарабынан эс алуу объектилерине инвентаризациялоо иштери жүргүзүлдү.
Жалпысынан облуста 1198 объект катталган:
165 пансионат;
64 мейманкана;
932 конок үйлөрү;
37 боз үй лагери.
Анын ичинен тазалоочу жайларга 196 объект гана кошулган.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору Ысык-Көл облусунун аймагында экологиялык мыйзам бузууларды көзөмөлдөө жана алдын алуу иштерин күчөтүлгөн тартипте жүргүзүүдө.
Белгиленгендей, тазалоо курулмалары жок болгон конок үйлөр, пансионаттар жана мейманканалар ишмердүүлүгүн улантууга уруксат албайт.