00:30
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Индиянын Ахмедабад шаарында авиакырсыктан кеминде 40 киши набыт болду

Индиянын News18 телеканалы билдиргендей, Air India авиакомпаниясынын учагы Ахмедабад аэропортуна жакын жерде кулап, кеминде 40 киши каза болду.

Кырсык бортунда 232 жүргүнчү жана 10 экипаж мүчөсү болгон Air India учагы саат 13:17де Лондонго учуп баратканда болгон.

Учакта 169 индиялык, 53 британ жараны, 7 португал жана 1 канадалык жараны болгон.

Кырсыктан кийин учак күйүп кеткен. Кырсык болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр келишкен, тез жардам топтору мобилизацияланды.

Бийликтер кырсыктын ыктымал себептеринин версиясын жарыялай элек.

Эң көп окулган жаңылыктар