Жыл башынан бери кыргыз банктарынын таза кирешеси 8,8 миллиард сомдон ашты. Мындай маалыматтар Улуттук банктын материалдарында камтылган.
Белгиленгендей, аталган мезгилде банктардын жалпы активдери 14 пайызга өсүп, 930,1 миллиард сомду түздү. 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча алар 815,7 миллиард сомго катталган.
Кредит портфели 393,8 млрд сомго чейин (15,6 пайызга) көбөйгөн.
Кардарлардын депозиттик базасы 16,1 пайызга көбөйүп, 687,9 млрд сомду түзгөнүн Улуттук банк билдирди.
Мында кредиттердин долларга алмаштыруу деңгээли 19 пайызга чейин төмөндөгөн (жыл башынан бери минус 1,1 пайыз). Чет өлкө валютасындагы депозиттердин үлүшү 5,1 пайызга кыскарган.
Улуттук банк белгилегендей, Кыргыз Республикасында 21 коммерциялык банк жана 304 филиал иштейт. Алардын ичинен бешөө улуттук жана чет өлкөлүк валютада каржылоонун ислам принциптерине негизделген кызматтарды көрсөтөт.