УТРКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Спрут» телесериалында Комиссар Каттанинин ролун аткарган белгилүү италиялык актёр жана кинорежиссер Микеле Пласидо менен жолугушту. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, легендарлуу италиялык актер III Бишкек эл аралык кинофестивалына катышуу үчүн келген. Ал «Спруг» криминалдык телесериалында (1984-1989-жылдары) «Комиссар Каттанинин» ролун аткарган.
Өз кезегинде актер Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчисинин сунуштаган демилгелерин чын жүрөктөн колдоого даяр экенин билдирип, Бишкекте жылуу кабыл алгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын жогорку жетекчилигине ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле баарлашуу учурунда М.Плачидо Кыргызстандын аймагында өнүктүрүүнү пландап жаткан жеке киностудиясы тууралуу маалымат менен бөлүштү.
Эске салсак, Микеле Плачидо — «Спрут» телесериалында Комиссар Каттанинин ролунан кийин дүйнөлүк атак-даңкка ээ болгон белгилүү италиялык актёр жана режиссёр. Ал ошондой эле «Три брата» (1981), «Связь через пиццерию» (1985) жана «Незнакомка» (2007) тасмаларындагы башкы эркектин ролу үчүн Италиянын башкы кино сыйлыгы болгон «Давид ди Донателлого» үч жолу көрсөтүлгөн.