Мектеп мугалимдери үчүн ноутбуктардын биринчи партиясы дээрлик даяр. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине КМТУнун технопаркынын жетекчиси Касымбек Келебаев билдирди.
Анын айтымында, 25-июнга чейин 3,5 миңге жакын ноутбуктарды алып келүү пландалып, учурда документтери даярдалууда.
«Андан кийин ар бир он күндө 3 миң даана жеткиребиз.2025-жылдын ноябрь айына чейин жалпысынан 54 миң ноутбук чыгаруу пландалууда», — деди Касымбек Келебаев.
Алгачкы 220 бирдик Технопарк тарабынан январь айында Билим берүү жана илим министрлигине берилип, андан соң Каракол шаарындагы мугалимдерге тестирлөөдөн өткөрүү үчүн берилгенин эске салды. Сыноо режими үч айга созулду.
«18-май күнү тестирлөөнүн жыйынтыгын чыгарып, колдонуучулардын пикирлерин эске алып, сериялык өндүрүшкө өттүк. Ошол эле учурда мугалимдерге жабдууларды колдонуу боюнча үйрөтүп жатабыз, мисалы, кээ бирлери ноутбуктарын туура эмес заряддашкандыктан, аккумулятордо көйгөйлөр жаралган», — деди Касымбек Келебаев.
Эске салсак, Кыргызстандын бардык мугалимдерине ноутбуктар 2024-жылдын жайына чейин берилет деп убада кылынган.Бирок кийинчерээк биринчи этапта STEM предметтеринин (математика, физика, химия, биология, информатика) 24,4 миң мугалими гана жабдыктарды алаары белгилүү болгон. Камсыздоо мөөнөтү бир нече жолу жылдырылды.