00:18
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

«Кыргызшампаны» имараты архитектуралык эстелик статусун жоготту. Кабмин токтому

Бишкектин Чыңгыз Айтматов проспектиси, 48 дарегинде жайгашкан «Кыргызшампаны» ачык акционердик коомунун имараты архитектуралык эстелик статусун жоготту. Тиешелүү токтомду министрлер кабинети кабыл алып, ага Адылбек Касымалиев кол койду

24-kg.com
Фото 24-kg.com. «Кыргызшампаны» ААКнын имараты архитектуралык эстелик статусун жоготту

Документ өкмөттүк «Эркин Тоо» гезитине жарыяланып, расмий жарыялангандан 10 күндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргызшампанын административдик имараты 1953-жылы архитектуралык эстелик катары таанылган.

Эске салсак, Кыргыз шампан шарап заводу 1948-жылы түптөлүп, союз учурунда анын 6 түрүн, жүзүм шарабынын 30 түрүн, коньяк спиртин жана мөмө-жемиш, жүзүм вино материалдарын чыгарган.

80-жылдары «Советский шампан» ири партияда — жылына 6 миллион шише өндүрүлгөн. 90-жылдары өндүрүштө олуттуу төмөндөө болгон.

Ишкана кыргыз шарап өндүрүшүнүн флагманы болуп саналып, шарап рыногунун 50 пайыздан ашыгын ээлеген. Ассортимент 70 аталыштан турган, анын ичинде Cahors, коньяк, шампан, жүзүм шарабы жана башкалары бар.

Эң көп окулган жаңылыктар