Эл аралык «Менин сүйүктүү Одиссеяларым» антологиясы Грецияда «Халкида — элдердин кайчылаш жери» IV Дүйнөлүк поэзия фестивалынын алкагында басылып чыкты. Бул тууралуу акын Рахим Карим билдирди.
Анын айтымында, антологиянын темасы поэзиянын элдердин боордоштугуна кошкон салымы болду.
«Антологияга ошондой эле кыргызстандык акын Рахим Каримдин өмүр баяны, сүрөттөрү жана ырлары кирген. Фестивалдын негиздөөчүсү, уюштуруучусу, басып чыгаруучусу жана котормочусу белгилүү грек акыны Мария Мастриоти болуп саналат», — деп айтылат маалыматта.
Антологияга Бангладеш, АКШ, Корея, Сербия, Македония, Италия, Румыния, Коста-Рика, Мексика, Ирак, Орусия, Кыргызстан, Косово, Бельгия, Испания, Уругвай, Черногория, Словения жана Индиядан келген дүйнөлүк репутацияга ээ болгон 30дан ашык атактуу акындардын чыгармалары камтылган.