Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Балыкчы шаары, Токтосунов көчөсү, 61 дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 3353,8 чарчы метр болгон Ысык-Көл «Рембыттехника» комбинатынын мүлк комплексин мыйзамсыз менчиктештирүү фактысын аныктады.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында жогоруда аталган жер тилкеси имараттар менен бирге мамлекеттин балансына кайтарылган.