Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кенжебек Бокоевдин баш коргоо чарасы бир айга узартылды. Бул тууралуу 24-kg.com агентигине Талас шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, экс-депутат 9-июлга чейин камакта болот.
Эске салсак, Кенжебек Бокоев коррупцияга шектелип кармалган. Бирок милиция кылмыш ишин козгоонун так себебин билдирген жок.
Кенжебек Бокоев Жогорку Кеңештин V жана 6-чакырылышынын депутаты, «Республика Ата Журт» партиясынан шайланган.