20:55
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Кыргызстанда илимде жана жогорку окуу жайларда жол-жоболор жөнөкөйлөштүрүлдү

Илим, жогорку билим берүү жана инновация министрлиги илимий даража алууда бюрократиялык процедураларды кыскартууда. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Илимий даража алуу үчүн бирин-бири кайталаган бир нече эксперттик комиссиялардын алдында жактоону толугу менен жоюу чечими чыгарылды. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, илимий иштер диссертациялык кеңештин алдындагы эксперттик комиссияда жана КР Жогорку аттестациялык комиссиясынын алдындагы эксперттик кеңеште корголуп келген.

«Диссертацияларды коргоого изденүүчүлөрдү кабыл алуунун дагы бир милдеттүү талабы кандитаттык экзамендерди тапшыруу болгон, ал дагы жоюлууда. Аны менен бирге илимий даражага ээ болгон адистерди Кыргызстандын илимий ишмердүүлүгүнө жигердүү кызыктыруу максатында чет өлкөнүн PhD илимий даражасын таануу жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү сунушталууда», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле шифрлердин көптүгү илимий иштердин темасын аныктоодо жана аларды даярдоодо бюрократиялык жана коррупциялык элементтерди көбөйтүп, жаш илимпоздорго жасалма тоскоолдуктарды жаратып келген. Натыйжада шифрлердин санын эки эсе кыскартуу чечими кабыл алынды. Бул аракеттер кошумча чыгымдарды жана коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу максатында жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Кыргызстанда министрликтер менен мекемелердин, ошондой эле жогорку окуу жайлары менен Илимдер академиясынын карамагында 72 илимий уюм жана мекеме бар.

Эң көп окулган жаңылыктар