01:33
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Түндө Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды

Түндө Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөө 11-июнда саат 1:56да болгон. Жер титирөөнүн очогу Нарын районунда — Кара-Булак айылынан 10 чакырым түштүк-чыгышты карай, Орто-Сырт айылынан 11 чакырым түштүк-чыгышты карай жана Баетово айылынан 35 чакырым түштүк-чыгышты карай жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү Кара-Булак, Орто-Сырт айылдарында 2,5 балл, Казыбек айылында 2 баллга жеткен.

Эң көп окулган жаңылыктар