Ташкент шаарында өтүп жаткан Эл аралык инвестициялык форумдун алкагында Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Тараптар кыргыз-өзбек достук жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин мындан ары тереңдетүү маселелерин талкуулашты. Өз ара соода көлөмүн көбөйтүү, өнөр жай кооперациясын кеңейтүү, аймактар аралык байланыштарды жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты активдештирүү боюнча пикир алмашуу болду.
Жолугушууда энергетика жана транспорт коммуникациялары тармагындагы ири аймактык долбоорлорду ыкчам ишке ашыруу зарылдыгы өзгөчө белгиленди. Атап айтканда, Камбар-Ата 1 ГЭСи жана Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча маселелер көтөрүлдү.
Ошондой эле быйыл өтө турган Өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны менен Өлкөлөрдүн аймак башчыларынын кеңешин жогорку деңгээлде өткөрүүнүн мааниси баса белгиленди