23:25
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Бишкекте 14-июнда түнкү чуркоого байланыштуу Түштүк магистраль жабылат

Бишкек шаарында 14-июнда саат 20:30дан баштап саат 23:00гө чейин Түштүк магистраль түнкү чуркоого байланыштуу жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Жайыл Баатыр көчөсүнүн (Түштүк магистраль) бир тарабында — Шералиев көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейин (чыгыш багытында) унаалар үчүн кыймыл жабылат.

Жарыш жаш курагына жана даярдык деңгээлине карабастан бардыгы үчүн ачык. Ага 25 өлкөдөн 3 миңге жакын жөө күлүк катышат.

Башталгыч жана финиш жерлери — «Газпром» балдар спорт жана эс алуу борбору.

Аралыктары 5 жана 10 километр.

Убактысы — 19:30дан баштап. саат 23:30га чейин.

Түнкү чуркоо улуттун ден соолугунун негизги факторлорунун бири катары массалык спортту жана дене тарбия көнүгүүлөрүн өнүктүрүү максатында өткөрүлүүдө.

«Nomad Sport» коомдук уюмунун уюштуруучулары жана мэриянын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө бөлүмү бардык спорт күйөрмандарын, борбор калаанын шаардыктарын жана конокторун бул масштабдуу иш-чарага катышууга чакырат.

Эң көп окулган жаңылыктар