Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору («Унаа» мамлекеттик мекемеси) Рустам Жокоев үй камагына чыгарылды. Маалыматты 24-kg.com басылмасына Бишкек шаардык сотунан тастыкташты.
Маалым болгондой, бул баш коргоо чарасы 9-июлга чейин колдонулуп, иш материалдары Октябрь райондук сотунда каралууда.
Эске салсак, УКМК 2024-жылдын 23-сентябрында Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Рустам Жокоевди жана мекеменин бир нече кызматкерин кармаган. Аларга карата КР Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.