
Фото Президенттин басма сөз кызматы. Кыргызстандын жана Татарстандын лидерлери “Рух-Ордо” маданий борборуна барышты
Президент Садыр Жапаров менен Россиянын Татарстан Республикасынын башчысы Рустам Минниханов бүгүн, 5-июнда Чолпон-Ата шаарындагы "Рух-Ордо" маданий борборуна барышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Иш сапардын жүрүшүндө ардактуу коноктор Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан кыргыздын элдик музыкалык аспабы – комуздун формасындагы уникалдуу пирсти да көрүп чыгышты.