00:16
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Нарын облусунда 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, бүгүн саат 16:18де Нарын аймагында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөө Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Булуң айылында 4 балл, Кызыл-Туу, Казыбек айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Эң көп окулган жаңылыктар