17:29
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

БШК Айжигитовдун ордуна Табылды Муратбековду ЖКнын депутаты кылып каттады

Борбордук шайлоо комиссиясы Табылды Муратбековду «Ыйман нуру» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты кылып каттады. Ал мурда каттоосу жокко чыгарылган Султанбай Айжигитовдун ордуна келди. Бул тууралуу БШКнын жыйынынын жыйынтыгында белгилүү болду.

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды. БШК Табылды Муратбековду Жогорку Кеңештин депутаты кылып каттады

Табылды Муратбековду каттоо тууралуу чечим бүгүн, 5-июнда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында кабыл алынды.

Табылды Муратбеков 1994-жылы 10-ноябрда Ысык-Көл облусунун Түп районунда туулган.

Эң көп окулган жаңылыктар