13:08
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Алгачкы жүк ташуу. Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай-Монголия транспорт коридору ачылды

Өзбекстандын Транспорт министрлиги жана Соода-өнөр жай палатасынын демилгеси менен Өзбекстан — Кыргызстан — Кытай — Монголия багыты боюнча алгачкы пилоттук жүк ташуу ийгиликтүү ишке ашырылды. Бул тууралуу Өзбекстандын Транспорт министрлиги билдирди.

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды

Аталган транспорт коридору жүк ташууда жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, Өзбекстандын ишкерлерине продукцияларын жаңы рынокторго чыгарууга шарт түзөт. Катышуучу өлкөлөрдүн координацияланган аракеттери аркылуу логистикалык байланыштар кеңейип, жүктөрдү жеткирүү мөөнөттөрү кыскартылары күтүлүүдө.

Транспорт министрлигинин маалыматына ылайык, бул багыт экспорттук жана импорттук агымдарды көбөйтүп, регионалдык жана эл аралык деңгээлде соода байланыштарын чыңдоого өбөлгө болот.

Адистердин айтымында, дүйнөлүк логистикада өзгөрүүлөр жүрүп жаткан шартта мындай багыттар жергиликтүү жүк ташуучулар үчүн стратегиялык мааниге ээ болуп, алардын атаандаштык жөндөмдүүлүгүн арттырат.

Эң көп окулган жаңылыктар