15:41
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Бишкектеги автобустардын жалпысынан 85де кондиционер бар

Бишкекте 1407 автобус болсо, анын 85и гана кондиционер менен жабдылган. Бул тууралуу Бишкек шаардык комиссиясынын жыйынында Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Алмаз Алымбеков билдирди.

Ведомствонун өкүлүнүн айтымында, 153, 61, 35 жана 45-маршруттук каттамдардагы автобустар кондиционер менен жабдылган.

«Автобустарда күн ысып жатат деген арыздар түшүп жатат.Ошондуктан транспорттордо капот жана желдеткичтерди күйгүзүү боюнча айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүздүк», — деди ал.

Маалым болгондой, узундугу 6 метр болгон кондиционери бар 500гө чейин жаңы автобустарды алуу пландалууда.

Мындан тышкары, чиновник Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаменти жүргүнчүлөрдү күндөн коргоо үчүн автобустун терезелерин караңгылатууга уруксат бербей турганын кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар