05:18
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Москвадагы кыргызстандык мигранттардын 15 миллион рублдан ашык акчасы кайтарылды

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү 2025-жылдын беш айында Россиядагы кыргызстандыктарга ар тараптуу укуктук жана консультациялык колдоо көрсөттү.

Кыргызстандын 175 жаранына укуктук иш — аракеттердин, иш берүүчүлөр менен сүйлөшүүлөрдүн жана расмий кат алышуулардын аркасында мурда алынбай калган эмгек акысы 15 764 700 рубль төлөнүп берилген.

6 жаран ден соолугуна келтирилген зыянга байланыштуу 6 224 400 рубль өлчөмүндө компенсация алышкан.

Өкүлчүлүктүн адистери 12 279 жаранды жеке жана телефон аркылуу кабыл алып, кеңеш беришти.

20 кыргызстандыкка РФнын сотторуна арыз жана кайрылуу даярдоого жардам көрсөтүлдү.

Жарандардын кайрылуулары боюнча Москва полициясына 219 жолу барып, чет элдик жарандарды убактылуу кармоо борборлоруна 17 жолу баруулар жасалды.

Ата-энесинин камкордугусуз калган 3 жашы жете элек балдарды мекенге кайтарууда (репатриациялоодо) көмөк көрсөтүлдү.

Эң көп окулган жаңылыктар