11:39
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Браконьерлер таанылат. Ысык-Көлдө экологияны көзөмөлдөөчү мунаралар орнотулат

Ысык-Көлдө браконьерлерге каршы күрөшүү үчүн заманбап экологияны көзөмөлдөөчү мунаралар орнотулууда. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Түп жана Ысык-Көл райондорунда облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Мурат Боронов көл жээгинде рейд жүргүзгөн.

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, мунаралар Hikvision DS-2TD8166-150ZE2F биспектралдуу видеокамералар менен жабдылган. Алар 14 чакырымга чейинки аралыкта күнү-түнү байкоо жүргүзүп, 5 чакырым аралыкта жүзүн таануу жана 7 чакырымда жылуулук сигналдарын аныктоо мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ошондой эле, бул мунараларда уруксатсыз кирүү жана кооптуу жагдайларды аныктоочу алдын ала сигнал берүүчү коопсуздук системасы каралган.

Белгиленгендей, Мурат Боронов рейд учурунда заманбап моторлуу кайыктарды жана дрондорду колдонуу Кайгуул күзөтүнүн ишин натыйжалуулугун бир топ жогорулатканын айтты.

Ал белгилегендей, облустун ички иштер органдары заманбап техникалар: моторлуу кайыктар, квадроциклдер, дрондор, түнкү көрүүчү аппараттар жана кузов камералары менен жабдылган.

«Укук коргоо органдары браконьерликке каршы элдешпес күрөш жүргүзүүгө даяр. Көлгө бир метр да мыйзамсыз синтетикалык торлор түшпөшү керек», — деп баса белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар