Бишкектин Биринчи май райондук соту Кой-Таш окуясы баш болгон бир нече кылмыш иштерин карап, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташы болгон 20 чакты киши боюнча өкүмүн жарыялады.
Өкүмдү төрагалык кылуучу Азирет Медеров окуду.
Ага ылайык, экс-президент Алмазбек Атамбаев мүлкүн конфискациялоо жана мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу менен 11 жыл 3 айга эркинен ажыратылды.
Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов менен Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жеенбеков 7 жыл 8 айга эркинен ажыратылып, сот залында камакка алынды.
Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Ирина Карамушкина жети жыл алты айга эркинен ажыратылып, сот залында камакка алынды.
Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Фархад Баабиев беш жыл алты айга эркинен ажыратылып, сот залында камакка алынды.
Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Канат Сагымбаев жети жыл алты айга эркинен ажыратылып, бирок сот залынан беш жылга шарттуу түрдө бошотулган.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мээрбек Мискембаев беш жылга шарттуу түрдө пробациялык көзөмөлгө алынды.
Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Канат Осмоналиев 7 жыл 8 айга жалпы режимдеги колонияга кесилип, бирок 5 жылга пробациялык көзөмөл менен бошотулган.
Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Рысбек Карыпбек уулу 7 жыл 6 айга жалпы режимдеги колонияга кесилип, бирок беш жылга пробациялык көзөмөлдүн негизинде бошотулган. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Асел Кодуранова үч жылга шарттуу түрдө көзөмөлгө алынды.
КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева беш жылга шарттуу түрдө көзөмөлгө алынды.
Экс-президенттин жактоочусу Амангелди Какебаев үч жылга шарттуу түрдө көзөмөлгө алынды.
Нарын облусунун губернаторунун мурдагы орун басары Исабек Абдыгазиев эскирүү мөөнөтү аяктаганына байланыштуу жазасыз калды.
Экс-президенттин тарапкерлери Нооруз Капарбек уулу менен Марат Шаменов үч жылга шарттуу түрдө көзөмөлгө алынды.
Мурдагы энергетика министри Аскарбек Шадиев үй-мүлкүн конфискациялоо менен жалпы режимдеги колонияга 15 жыл 6 айга эркинен ажыратылды. Эркиндикке чыккандан кийин ага үч жыл мамлекеттик кызматта иштөөгө тыюу салынат.
Ошондой эле сот Аскарбек Шадиев менен Алмазбек Атамбаевден 5 миллиард 439 миллион сом өндүрүү чечимин чыгарды.