00:28
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Муфтият Курман айт намазынын ырааттамасын жарыялады

Кыргызстан мусулмандарынын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) 2025-жылдын 6-июнунда белгилене турган Курман айтка карата майрамдык намаздын ырааттамасынсын жарыялады.

Жарыяланган маалыматка ылайык, Жума мечиттерде жана казыяттар тарабынан уруксат берилген мечиттерде окулчу айт намаздын ырааттамасы:

7:00 — 7:20 — Курман айттык баяндар;

7:20 — 7:30 — Айт намазын окуу тартибин түшүндүрүү;

7:30 — Курман айт намазы.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы майрам намазы тиешелүү уруксаты бар мечиттерде гана окуларын эскертип, намазга алдын ала келүүгө, имамдардын тартибин жана сунуштарын аткарууга чакырат.

Эң көп окулган жаңылыктар