Кыргызстанга быйылкы окуу жылында Орусиядан жаңы окуу китептери келет. Бул тууралуу Агартуу министрлигине караштуу Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Назира Дюшеева брифинг учурунда билдирди.
1, 2, 5 жана 7-класстар жаңы окуу китептери менен камсыздалат. Аларга «Орус тили жана окуу», «Орус тили», «Орус адабияты» деген предметтер боюнча китептер берилет.
«Билим берүү министрлиги менен түзүлгөн келишимдин алкагында Кыргыз билим берүү академиясынын тил багыты боюнча бир нече өкүлдөрү үч айдан бери орус тилиндеги окуу китептеринин мазмуну жана адаптациясынын үстүндө иштеп жатышат. Адистер материалдарды алып, биргелешип иш программаларын иштеп чыгып, кароо процессине катышууда. Кыргыз тарап «Просвещение» басмасы, ошондой эле Билим берүү министрлигинин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен туруктуу байланышта», — деди Назирева.
Буга чейин Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жаңы окуу жылы башталганга чейин ведомство 740 миллион сомго 2,5 миллион даана окуу китептерин сатып аларын билдирген.