19:41
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Кыргызстандын ИДПсынын өсүшү экономикалык саясаттын натыйжалуулугун тастыктайт

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы
Фото Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы. Адылбек Касымалиев жана ЕРӨБ биринчи вице-президенти Юрген Ригтеринк
2025-жылдын январынан апрелине чейин Кыргызстандын ички дүң продуктусу 11,7 пайызга өстү. Мына ушул жүргүзүлүп жаткан экономикалык саясаттын натыйжалуулугун жана туруктуулугун тастыктайт. Бул тууралуу Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) биринчи вице-президенти Юрген Ригтеринк менен жолугушууда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен ЕРӨБ ортосундагы учурдагы кырдаалды жана мындан аркы кызматташуунун келечегин талкуулашты.

МинКаб башчысы өлкө экономикасынын акыркы жылдардагы туруктуу оң динамикасын белгиледи. Тактап айтканда, 2025-жылдын январынан апрелине чейинки мезгилде ички дүң продукциянын (ИДП) өсүшү 11,7%ды түздү, бул экономикалык саясаттын натыйжалуулугун жана туруктуулугун тастыктайт.

Климаттык күн тартибинин маселелерине, анын ичинде Министрлер Кабинетинин алдындагы Климаттык каржылоо борборунун ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө жана улантууга өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар туруктуу өнүгүү, энергияны үнөмдөө жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо жаатында кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Мындан тышкары, жолугушуунун катышуучулары өлкөнүн улуттук долбоору статусуна ээ болгон жана Кыргызстандын энергетика тармагын туруктуу өнүктүрүүнүн ачкычы болгон Камбар-Ата ГЭС-1 курулушунун долбоору менен таанышты.

Өз кезегинде Юрген Ригтеринк Кыргыз Республикасынын экономикасында акыркы жылдардагы сезилерлик оң өзгөрүүлөрдү белгилеп, инфраструктураны модернизациялоого жана «жашыл» энергетиканы өнүктүрүүгө багытталган Кыргыз Республикасы менен ЕРӨБ ортосундагы жемиштүү кызматташууну улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун соңунда тараптар кызматташууну мындан ары да кеңейтүүгө, тажрыйба алмашууга жана долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга өз ара даяр экендиктерин ырасташты.

Эң көп окулган жаңылыктар