01:20
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Нарында чабандар кар баскан жайыттарда калды: ӨКМ кандай жардам берди?

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Арпа жана Ак-Сай өрөөндөрүндө 1-июнь күнү жааган калың кардан кийинки абал боюнча маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, абал туруктуу. Куткаруучулар жайлоого чөп жөнөштү.

Аба ырайынын начарлашынан улам Арпада кардын калыңдыгы 20-25 см болсо, Кында ашуусунда, Ак-Сайда 15 сантиметр жааган. ӨКМ бул жактагы чабандар менен байланыш бар экенин билдирди.

Тоютсуз калган малга ээлери жем-чөп жеткирип, Казыбек жана Кара-Суу айыл өкмөттөрү техникадан жана күйүүчү майдан жардам берип жатканы айтылды. Жайлоого эрте чыгып кеткен айрым чабандар аба ырайынан улам кайра ылдый түшкөн.

Эң көп окулган жаңылыктар