Кыргызстандын жаа атуу спорту боюнча курама командасынын мүчөсү Түркияда өткөн турнирде дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу Салбуурун жаа атуу федерациясынан билдирди.
Маалым болгондой, бул жылы турнирге 40тан ашык өлкөдөн 700дөн ашык спортчу катышкан.
Дүйнөлүк чемпионаттагы жеңиш Кыргызстан үчүн тарыхый болду жана өлкөнүн этноспорттун эл аралык аренасындагы беделин бекемдеди.


