Балдарды коргоо күнүнө карата 31-майда Бишкекте V Эл аралык «Наристе» фольклордук фестивалынын салтанаттуу ачылышы болот. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Фестивалга 11 мамлекеттен келген 500 бала катышып, 4-июнга чейин уланат.
1-июнда саат 19.00дө Ала-Тоо аянтында фестивалдын катышуучуларынын жана борбор калаанын чыгармачыл топторунун майрамдык концерти болот.