Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев альпинист Асел Байбагышевага 500 миң сомдук сертификат тапшырды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө өкмөт башчы Асел Байбагышеванын өзгөчө жетишкендигин терең баалап, колдоо көрсөтүп, ага 500 миң сомдук сертификат тапшырды.
Өз кезегинде Асел Байбагышева дүйнөнүн чокусуна орноткон Кыргызстандын мамлекеттик желегин Адылбек Касымалиевге сыймыктануу менен тапшырды. Мындан тышкары альпинист минкаб төрагасына Эверест тоосунун чокусунан жеке өзү алып келген ташты тартуулады.
Адылбек Касымалиев Асел Байбагышеваны тарыхый ийгилиги менен дагы бир жолу кызуу куттуктап, анын эрдиги өсүп келе жаткан муун үчүн жаркын үлгү жана Кыргызстандын эл аралык аброюн чыңдоого зор салым кошконун баса белгиледи.
Жолугушуунун соңунда тараптар альпинизмди мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин жана өлкөдөгү тоо туризмин колдоону талкуулашты.